ЖЕРДИН КЕЛБЕТИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕРДИН КЕЛБЕТИ – Жердин чыныгы бетине жакындаштырылган шарттуу көрүнүшү, турпаты. Жер массасы бардык жеринде бирдей таралбагандыгына байланыштуу, анын бети эч бир геом. формага окшобогон өтө татаал турпатка ээ. Ошондуктан Ж. к. болуп г е о и д эсептелинет. Бирок, геодезия, картогр. ж. б. көптөгөн ил.- практикалык маселелерди чечүүдө Ж. к. катары жер эллипсоиди же жер сфероиди алынат. Кийинки кезде жердин жасалма жандоочулары м-н космосчулардын байкоолорунан Ж. к. алмурут сымал формада экендиги белгиленген. Мындай форманы кардиоид деп атоо сунуш кылынган, к. Геоид.