ЖЕТЕ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕТЕ (моңголчо Манглай Субе – «Күнөстүү», «Күнгөй жер») – «Алдыңкы аймак» же Моголстан. Бул аймакты көчмөндөр (негизинен «талаанын жапайы арстандары» – кыргыздар) ээлеп, алардан көп жабыр көргөндүктөн, кошуна элдер «жете» же «каракчы» деген орой ат м-н аташкан. Тоголок-Тимурдун хан шайланышы (1348) м-н Чагатай улусунун чыгыш бөлүгү Моголстан атала баштаган. Бул өлкө түндүгү Эмил, Иртыш, түштүгү Тянь-Шань, чыгышы Бар-Көл, батышы Ферганага чейинки кеңири аймакты ээлеген. Кийин В. В. Бартольд тарабынан «эркин элдер» (казак) деген түшүнүк берилген. Бирок Мухаммед Хайдар Дешт-и кыпчак толук Абу-л-Хайр ханга өткөндөн кийин Жаныбек хан м-н Керей Моголстанга келгенде Эсен Бука хан аларды жылуу кабыл алып, Моголстандын батышы, Чүй суусунун жээгиндеги Козу-Башы деген жерди бергенин, казак султандарынын бийликке келиши 1465–66-жылдарга туура келип, 1533–34-жылдан кийин Моголстанда казактар такыр калбаганын көрсөтөт.
Ад.: Петров К. И. К истории движения киргизов на Тянь-Шань и их взаимоотношения с ойратами в XIII–XV вв., Ф., 1961; Бартольд В. В. Очерк истории Семиречья //Соч. Т. II, ч. 1. М., 1963; Мирза Мухаммед Хайдар. Тарих-и Рашиди. Таш., 1996. Т. Жуманалиев.