ЖЕТИКАШКАЕВА: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕТИКАШКАЕВА Нуркамал (1918, Чүй обл, Сокулук р-ну, Жыламыш айылы – 9. 9. 1952, Фрунзе) – кыргыз кыз-келиндеринен чыккан туңгуч профессионал акын. Жумушчулар ф-тин (1933), Москвадагы А. В. Луначарский атн. театр ин-тун (1936–41) бүтүргөн. Кыргыз драма театрында артист, СССР ИАнын Кырг-ндагы филиалынын Тил, ад-т ж-а тарых ин-тунда ил. Кы

зматкер, Респ. эл чыг-лык үйүнүн директору болуп иштеген. Ырлары 1937-жылдан жарыялана баштаган. «Жанган жалын» (1949) деген поэманын, «Жаңырган өлкө» (1951) ыр жыйнагынын автору. Анын чыг-лыгынын негизги темасы – эл-жерин сүйүү, дыйкандардын, кыргыз интеллигенттеринин турмушу. Улуу Ата Мекендик согуш убагында патриоттук маанайдагы ырларды жазган. Ж-нын балдарга арналган да ырлары бар. Анын «Мен Октябрдын кызымын» ыр жыйнагы (1958) орус тилине которулган. Ж. 1946-жылдан СССР жазуучулар союзуна мүчө болгон. «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги каарман эмгеги үчүн» медалы м-н сыйланган. Ж-нын туулуп өскөн айлында үй-музейи иштейт.