ЖОГОРКУ НАРЫН ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖОГОРКУ НАРЫН ӨРӨӨНҮ Ички Теңир-Тоодо. Чоң Нарын суусунун алабынан орун алган. Жети-Өгүз ж-а Нарын р-ндорунун аймагында.
Өрөөн кеңдик багытта 130 км узундукка созулат, туурасы 20 км. Түндүгүнөн Жетим кырка тоосу, Тескей Ала-Тоо, чыгышынан Ак-Шыйрак кырка тоосу, түштүгүнөн ж-а түш.-чыгышынан Нарын кырка тоосу, Улан, Чакыр-Корум, Борколдой тоолору курчап жатат. Өрөөндүн таманынын деңиз деңг. бийикт. 2600–3600 м. Аны курчап жаткан тоолор салыштырмалуу 1000–1300 м көтөрүңкү. Батыш жагы анча кенен эмес, бара-бара кууштап, Кашка-Суу ж-а Төлөк суулары Чоң Нарынга куйган аймакта

Чоң Нарын капчыгайына өтөт. Ортоңку бөлүгү кенен, туурасы айрым жерде 25 кмге чейин жетет. Чыгышын Кыргоо ж-а Кызыл-Эшменин
байыркы морена кырлары Тарагай өрөөнүнө ж-а Кара-Сай өрөөнүнө бөлөт. Тарагайдын башы Ара-Бел – Кум-Төр өрөөнү деп аталат. Өрөөндүн батыш ж-а ортоңку бөлүктөрүндө Каракол, Чакыр-Корум, Улан сууларынын майда өрөөндөрү бар. Төмөнкү (батыш) бөлүгүндөгү тоо капталдары майда кокту-колоттуу келип, өрөөндүн таманына тик түшөт. Таманы тектирлүү. Айрым жерлерде кеңдик багытында жаткан анча бийик эмес кырлар, дөбөлөр м-н алмашат. Өрөөндүн таманы (батышында) негизинен төртүнчүлүк мезгилинин чөкмө тектеринен ж-а неогендин кум-шагылдарынан турат. Каптал беттери төмөнкү палеозойдун гранит, гранит-диорит ж. б. интрузия тектеринен туруп, кеңдик багытында кеткен тектон. жаракалар м-н тилмеленген. Климаты кескин континенттик, январдын орт. темп-расы –19°С, июлдуку 9°С. Жылдык жаанчачыны 300 мм. Өрөөндө альп шалбаасы, шалбаалуу талаа ландшафттары басымдуу, айрым тик беттерде алар субнивалдык жылаңач чөлдөр м-н алмашат. Тоо кырларына нивалдык-гляциалдык ландшафт мүнөздүү. Жайыт. Өрөөндө Каракол, Кара-Сай ж. б. кыштоолор бар. Барскон – Ак-Шыйрак автомобиль жолу өтөт.
Ад.: Чупахин В. М. Физическая география Тянь- Шаня. А.-А., 1964; Бассейн реки Нарын. Ф., 1970; Койчиев М. Кыргызстандын жаратылышы жөнүндөгү очерктер. Ф., 1975.