ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАР (ЖОЖ): нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАР (ЖОЖ) – жалпы ж-а атайын орто билимдин негизинде терең фундаменталдуу билимге ээ жогорку квалификациялуу адистерди даярдоочу окуу-тарбия мекемелери. Ага ун-т, ин-т, жогорку аскердик окуу жайлар кирет. Айрым учурда ЖОЖ – академия, консерватория, жогорку мектеп, колледж деп аталат. Ун-ттер жогорку ил. даражага ж-а квалификацияга ээ окутуучулар ж-а профессорлор м-н камсыз болушуна жараша илимдин бакалаврдык, магистрдик, кандидаттык ж-а докторлук даражаларын берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мындан тышкары ө. ж-дын, мад-ттын ж-а коомдук жашоо-тиричиликтин ар кандай тармактары б-ча адистердин квалификациясын өркүндөтүү иштерин да алып барат. Алгачкы жогорку (филос.) мектептер б. з. ч. 3–5 к-да Афины м-н Римде пайда болгон. Грузиядагы биринчи жогорку мектептер – Колхида (4-к.), Икалто, Герм, Гелати (11–12-к.) академиялары. 13–14-к-да Батыш Европанын бир катар шаарларында ун-ттер ачылган. 1579-ж. Вильнюс академиясы, 1632-ж. Киев-Могилян академиясы, 1661-ж. Львов ж-а 1669-ж. Загреб ун-ттери, 1687-ж. Москвада Славян-грек-латын академиясы уюштурулган. 1725-ж. Петербург академиясынын алдында Академиялык ун-т, 1755-ж. М. В. Ломоносовдун демилгеси б-ча Москва унти негизделген. 19-к-дын аягы – 20-к-дын башында ири машина индустриясынын өнүгүшү м-н ун-ттер, инж. ж. б. тармактык ин-ттар көп өлкөлөрдө ачылган. Кырг-нда ЖОЖ Улуу Октябрь соц. рев-ясынан кийин пайда болгон. Кыргыз ССРинде биринчи ЖОЖ – Кыргыз мамл. педагогика ин-ту 1932-ж. Фрунзеде ачылган. 1933-ж. Зооветеринария ин-ту ачылып, 1938-ж. Айыл чарба ин-туна айландырылган (к. Кыргыз агрардык университети И. Скрябин атн.). 1939-ж. сентябрда Фрунзеде Кыргыз мамл. медицина ин-ту (к. Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы И. Ахунбаев атн.), 1939–40-ж. Ош (к. Ош мамлекеттик университети) ж-а Пржевальск (к. Ысык-Көл мамлекеттик университети К. Тыныстанов атн.) ш-нда мугалимдер ин-ттары уюштурулган. 1945-ж. башталгыч класстардын мугалимдерин даярдап чыгарууга багытталган кыз-келиндер окуу жайы уюшулган ж-а анын базасында 1950-ж. Кыргыз кызкелиндер педагогика ин-ту түзүлүп, ага 1952-ж. В. В. Маяковскийдин ысмы ыйгарылган (к. Кыргыз мамлекеттик университети И. Арабаев атн.). Оштогу мугалимдер ин-тунун базасында 1951-ж. Пржевальскидеги мугалимдер ин-тунун базасында 1955-ж. педагогика ин-ттары түзүлгөн. Кыргыз мамл. ун-ти пед. ин-ттун базасында түзүлүп (1951), СССРдин 50 жылдыгы атн. (1972), кийин Ж. Баласагын атн. Кыргыз улуттук ун-ти (2002) аталган. 1954-ж. Фрунзе политех. ин-ту (к. Кыргыз мамлекеттик техникалык университети И. Раззаков атн.), 1955-ж. Кыргыз мамл. дене тарбия ин-ту (к. Кыргыз мамлекеттик дене-тарбия жана спорт академиясы), 1967-ж. Кыргыз мамл. иск-во ин-ту (к. Кыргыз мамлекеттик искусство институту Б. Бейшеналиева атн.) ачылган. О. эле 1979-ж. Фрунзе орус тили жана адабияты педагогика ин-ту (к. Бишкек гуманитардык университети К. Карасаев атн., 1994), 1991-ж. Бишкек милиция жогорку мектеби (к. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин академиясы Э. Алиев атн., 1999), 1992-ж. Кыргыз архитектуралык-курулуш ин-ту (к. Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети Н. Исанов атн., 1998), 1991-ж. Көркөм-сүрөт колледжи (к. Кыргыз Республикасынын улуттук көркөм-сүрөт академиясы Т. Садыков атн., 2004), Кыргызстан
Эл аралык университети (1991), Кыргыз-Россия Славян университети Б. Ельцин атн. (1991), Кыргыз-Түрк «Манас» университети (1995), Нарын мамлекеттик университети (1996), Борбордук Азиядагы Америка университети (1998), Кыргыз улуттук консерваториясы К. Молдобасанов атн. (1998), Талас мамлекеттик университети (2000), Баткен мамлекеттик университети (2002) ж. б. окуу жайлары бар. Ошентип, 1991-жылдан кийин бир нече жаңы ЖОЖ-дор ачылып, ин-ттардын ун-тке айланышы м-н ЖОЖдордун ж-а студенттердин саны өстү. Кырг-ндын аймагында 1980–90-жылдарда бардыгы 10 ЖОЖ болсо, 2000–01-окуу жылында республикада ЖОЖдордун саны 40, ал эми студенттердин жалпы саны 188,2 миңди түзгөн, бул болсо 1999–2000-окуу жылына салыштырганда 29,5 миңге көп болгон. 2002-ж. ун-т, ин-т, академиялардын саны 46га жеткен. 2002-ж. 54 окуу жайы, а. и. 31и – мамл., 15и – жеке менчик ж-а 8и – КМШ ЖОЖдорунун филиалдары болуп, аларда окутуу кыргыз, орус, казак, өзбек, англис, түрк, тажик, немис тилдеринде жүргүзүлгөн. Коммерциялык ЖОЖ, ф-ттер, бөлүмдөр ачылган. 1990-жылга салыштырмалуу 2002–03- окуу жылында контракт м-н окугандардын саны 5,6 эсеге көбөйгөн. Окуу квалификациясында ж-а окутуу процессинде да реформалар жүргүзүлүп, бакалавриат ж-а магистратура пайда болду. Тест, рейтинг системасы, кредиттик саат киргизилген. Кырг-нда ЖОЖдордун жалпы саны 1994–2004-жылдары 22ден 49га чейин өскөн. 2009-ж. 32 мамл. ЖОЖ, 20 мамл. эмес ЖОЖ болгон. М. Молдалиева, А. Элебесова.