ЖОЛДОШ СУРАМАЙ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖОЛДОШ СУРАМАЙ – жаштар оюну. Уландар, кыздар эки-экиден болуп, тегерек тартып отурушат. Адегенде оюн башчы шайланат. Оюн башчы отургандар м-н оюн шартын (оюн айыбы 5–10 шап, 3 куплет ыр, жаңылмач, 3–4 укуй) макулдашып алат да, жигит-кыздарга: «Кимге жолдош керек?» деген суроону берет. Туш-туштан «Мага! Мага!» деген үндөр чыгып, колдорун көтөрөт. Оюн башчы алардын бирөөнү көрсөтө «Сага ким керек?» дейт. Ал керектүү кыздын же жигиттин атын атайт. Оюн башчы аты аталган кыздын же жигиттин жубу жанындагы жолдошун берүүгө макул болсо, оюн шартын айтат. Жолдош сураган кыз же жигит шартты аткарса, суралган киши ордунан туруп, сурап алган кишинин жанына отурат. Суралган жигиттин же кыздын жанындагысы бербейм десе, жолдош сураганы ага шартын коёт. Эгер талап кылынган шарт так аткарылса, анда жанындагы жолдошун эч кимге бербей, алып калат. Бул оюн жаштардын чыг-лыгынын өнүгүшүнө, урматтаган же сүйгөн курбусу м-н сырдашуусуна шарт түзгөн. Учурда Ж. с. өтө сейрек ойнолот. И. Молдобаев.