ЖОЛУМ ҮЙ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖОЛУМ ҮЙ – абдан кичине жеңил боз үй. Ал үч канат керегеден, ага жараша ууктан, түндүк­төн турат. Айрым жерде Ж. ү. кереге, түндүксүз эле ууктан узунураак таяктардын бир учу жер­ге сайылып, түндүк ордуна бир кулач ичкерээк талдын эки башы бириктирилип, көк м-н бай­ланып тигилет. Ал түндүк сымал тегерек тал­дын арасы баштан аяк сызма же жоондугу сөөмөйдөй кыл жип м-н ачык оролот. Жерге сайылган таякчалардын экинчи учу оролгон жиптерге киргизилип, үстүнө эски үзүк же таар жабылат. Ж. ү-дү мурда жылкычы, койчу, жоо­кер, соодагерлер урунган. Учурда Ж. ү-дүн орду­на чатыр кеңири колдонулат.