ЖОЛЧОЛОР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖОЛЧОЛОР к о м п ь ю т е р д е – биттер жиберилүүчү ар кандай зым тобу. Компьютер берилиштерди электрондук биттер тобу түрүндө сактайт. Биттер электр импульсу түрүндө ком­пьютер схемаларынын ичиндеги Ж. аркылуу бе­рилип турат. Алардын айрымдарын зымдар, ай­рымдарын схемалык такталар же микросхема­нын ичине орнотулган өткөргүч зымдар түзөт. Ж. биттерди киргизгич түзүлмөдөн эске, эстен борбордук процессорго (БП), борб. процессордон эске, эстен чыгаргыч же сактагыч түзүлмөлөргө жиберет. Айрым Ж. сактагыч түзүлмөлөрдүн дареги үчүн, сигналдарды ж-а берилиштерди башкарууда колдонулат. Ж е р г и л и к т ү ү ж о л ч о (л о к а л ж о л ч о) – компьютердик берилиштерди электрондук биттер тобу түрүндө сактоочу ж-а иштетүүчү түзүлмө. Жолчолордун көбү түздөн-түз эс м-н, айрымы тез эсти айла­нып өтүп, БП м-н бириктирилет. К е ң е й т ү ү­ч ү Ж. компьютерге жаңы орнотулуучу түзүл­мөлөр белгилүү түрдөгү Ж. м-н гана иштейт. Мис., 16 разряддуу Ж-дун бир учурда 16 өткөргүч зымы болуп, 16 бит, 32 разряддуу Ж-дун бир учурда 32 өткөргүч зымы болуп, 32 бит бери­лишти бир жерден экинчи жерге жибере алат. Ж. аркылуу жиберилүүчү биттердин саны көп болсо, компьютерде берилиштер ошончо тез жи­берилип турат.