ЖООЛУК ТАШТАМАЙ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖООЛУК ТАШТАМАЙ , к у р т а ш т а м а й – жаштар оюну. Катышуучулар тура калып чур­коого оңтойлонуп, буттарын жүйүртө басып те­герете отурушат. Оюнду баштоочу отургандар­дын артынан тегерене чуркап баратып, колун­дагы эшилген жоолукту же жумшак курду отур­гандардын биринин артына билгизбей таштайт да, айланып чуркай берет. Жоолук ташталга­нын оюнчу билип калса, тура калып, таштал­ган жоолукту колуна алып, жоолук таштаган оюнчуну ордуңду тап деп өз ордун (эреже б-ча жоолукту алган оюнчунун ордуна) тапканча артынан кубалайт, жетсе чапкылап, жоолукту көкөлөтө ыргытып жиберип, анын ордуна ол­тура калат. Эгер жоолук ташталганын сезбей калса, жоолук таштаган оюнчу айланып келип, жоолукту алып, чапкылап, тегеректи айланта кууп, өз ордуна келтирет. Жоолук таштаган оюнчу өзү отургусу келсе, тура качкан баланы бир аз чапкылап, колундагы жоолукту көкөлөтө ыргытып, тигинин ордуна отура калат. Жаңы оюнчу Ж. т. оюнун уланта берет. Эгер шапалак жеген оюнчу чочуп кетип, ортону кече качса, айып тартат (ырдайт же оюнчулардын каала­ган талабын аткарат). Ж. т. жаштарды сезгич­тикке ж-а шамдагайлыкка тарбиялап, тез чур­коого машыктырат.