ЖООШБАЙ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖООШБАЙ Борсол уулу (1840, азыркы Ысык- Көл обл., Тоң р-ну, Дөң-Талаа айылы – 1919, ошол эле жер) – эл куудулу. Анын куудулдук өнөрү элге агасы Байсерке манап м-н иниси Момо ажыга мейманга келген «мыктыларды» келекелөөдөн, турмуштагы терс көрүнүштөрдү мыскылдаган жоруктары, курч сөздөрү м-н таанылган. Атасынын купулуна анчалык толбой, «тентек, жинди» аталган. Куудулдугу 11–12 жашынан эле билинген. Анын айрым манап, бай, молдо, дегеле калыстыктан тайып, ашкере кеткендердин терс кылык-жоруктарын мыскылдаган күлкүлүү жоруктары эл арасына кеңири тараган. Ж-дын алгачкы орчундуу окуясы байдын баласы Жуманын бээсин, бир баштык тамекисин алдап алуудан башталган. Анын ар бир окуясы өзгөчөлүгү, күлкү жаратуусу, кыймыларакети, касиети м-н кайталангыс. Колдо бар маалыматтарга караганда анын бир тууган агасы Байсерке айыл бийлеп, манап аталган адам болгон. Көпчүлүк кылык-жоруктары агасынын керт башына, үй-бүлөсүнө, конокторуна, жолдошторуна байланыштуу. Ж-дын өмүр жолу ж-дө толук маалымат сакталбаса да, анын күлкүлүү жоруктары тууралуу кыска уламыштар, окуялар ушул күнгө чейин эл арасында айтылып жүрөт. Мис., бир топ окуялары атасы Борсолго байланыштуу («Суудан кечирдим», «Тайлак болуп боздодум», «Борсол жинди», «Атамды коркуттум», «Мейман күтүү» ж. б.). «Тайлак болуп боздодум» окуясында атасынын баёолугун, сараңдыгын тамашага салат. Ал курч, күлкүлүү окуяларды түзө билген куудул гана эмес, сөзгө чебер, сөздү так, кыска, өз орду м-н айтып, каршысын катуу шылдыңга калтырганы м-н өзгөчөлөнгөн. Байсеркенин үйүндө конок болуп отурган бий-болуштарга «көрүнүшү», агасынын «айтканын» аткарып, «чечинип» салып кызмат кылышы, коноктордун аттарын «жайлап» салган окуялары кирет. «Карыган кудай колдо» аттуу жоругу эл ичине ылакап болуп тараган. Ал тектүү, оокаттуу үй-бүлөдөн чыкса да, куудулдугу, айла-амалы м-н бай-манаптарды, бий-болуштарды, соодагер, кожомолдолорду, эшен-калпаларды шылдыңга алып, карапайым элдин таламын талашкан. Анын жоруктары муундан-муунга, ооздон-оозго өтүп, ушул кезге чейин маанисин, баалуулугун жоготпой, азыр да курч, өткүр («Жер көтөргөн көк өгүз сайгактап кетсе не болот?» дегендей), мыскыл сөздөрү, күлкүлүү окуялары калктын көркөм табитинен өчпөй, фольклордук кенчке сиңип кеткен. Кыргыз эл жазуучусу Т. Сыдыкбеков Ж-дын эл арасында айтылып жүргөн көптөгөн окуяларынын негизинде «Жоошбай» деген повесть жазган («Күлкү жана өмүр», 1988).
Чыг.: Китепте: Эл куудулдары. Ф., 1987.