ЖОРГО: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖОРГО – 1) жоргологон жүрүшү бар жылкы; 2) сол же оң ыптасы жагындагы алдыңкы буту м-н арткы буту абага бирдей көтөрүлүп, алдыга умтулган, төрт буту улам алмашып, бирдей ыргакта жерге ташталып турган, чайпала жүргөн, ылдам басык, көбүнчө жылкынын өзгөчө чуркоо ыгы, жүрүшү. Ж. кудуретине, жүрүү деңгээлине, ылдамдыгына, ыргагына жараша жол Ж., кой Ж., жазма Ж., чапма Ж., алабарман Ж., өкүм Ж., ала качма Ж., суу куйса төгүлгүс, накта чоң Ж. болуп бөлүнөт. Ж. дене түзүлүшү б-ча өтө чымыр, карылуу, күчтүү бо­лот да, узак жол жүрүүдө чарчабайт. Ж. саа-


тына 10–15 км жол жүрөт. Ж. байыртан журт башчыларына, тарыхый адамдарга сый катары тартууланган.