ЖОРЖТАУН: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖО́РЖТАУН – Гайана Кооперация Респ-нын борбор шаары. Демерара-Махайка регионунун адм. борбору. Өлкөнүн түн.-чыгыш бөлүгүндө, Атлантика океанынын жээгинде жайгашкан порт. Калкы 238,7 миң (2007). Өлкөнүн экон. борбору ж-а ири жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Шаардын экономикасында тейлөө

чөйрөсү басымдуулук кылат. Өлкөдөгү эң ири кант корпорациясы, бир нече алдыңкы компаниялар (а. и. финансы ж. б.), тамак-аш (а. и. кант, ром, пиво), тамеки, жыгаччылык ө. ж. ишканалары иштейт. Ун-т, тех. ин-т, коллеждер, Карнегинин экон. мектеби, калк китепканасы, музейлер (улуттук, антропология), театр («Гилд тиэтр»), улуттук маданий борбор бар. Шаарды 1781-ж. англичандар негиздеп, Георг IIIнүн урматынан аташкан, 1784-ж. Голландиянын Түш. Америкадагы ээлигинин борбору болуп, алар тарабынан Стабрук (Таброк) деп аталган. 19-к-дын башынан англичандардын ээлигине өткөн. 1812- жылдан азыркы атында аталат. 1831–1966-ж. Британиялык Гвиананын, 1966-жылдан Гайананын борбору. Ыйык Андрей (1811–18), жыгачтан салынган Сент-Жорж англикан (1889– 94) ж-а католиктердин соборлору (1915–20), Улуттук ассамблеянын имараты (1829–34), ратуша (1887–89) ж. б. сакталган. Ботан. бак, зоопарк уюштурулган.