ЖОРОБЕКОВА: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖОРОБЕКОВА Шарипа (13. 01. 1945-ж. т.,

Фрунзе) – химия илимд. доктору (1988), проф. (1990), КР УИАнын академиги (2000), КРдин илимге эмг. сиң. ишмери (2009). КМУну (1966), ошол эле ун-ттин аспирант урас ын (1969) бүт үрүп, ошол эле жерде окутуучу, улук окутуучу (1969–72), доцент (1972–78), декан (1992–94). КР УИАнын Химия ж-а хим. технология ин-тунун директору (1994– 2003) болуп иштеген. 2003- жылдан КР УИАнын вицепрезиденти. 2008-жылдан президенти. Гумин к-таларынын негизинде жаңы ион алмаштыруучу материалдарды синтездөө, биоген металлдарынын катышуусу м-н фермент-ингибитордук байланыштар ж. б. микробиол. процесстерди изилдөөсү аны гумус заттарынын химиясы ж-а биотехнологиясы ил. багытынын негиздө өчүлөрүнүн катарына кошкон. Анын 250дөн ашык ил. эмг., а. и. 12 монографиясы, 20 патенти, 5 окуу китеби бар. «Ардак Белгиси» ордени, «Даңк» медалы, «Золотая фортуна» ж-а РФтин Ломоносов атн. эл аралык ордендери м-н сыйланган. Ал Кыргыз ССРинин Ленин комсомолу, Баласагын атн. ж-а «Руханият» ассоциациясынын сыйлыктарынын лауреаты.
Эмг.: Макролигандные свойства гуминовых кислот.
Ф., 1986; Иониты и ионитные комплексы металлов на основе гуминовых кислот . Б., 1994; Ионы металлов в фермент-ингибиторных системах. Б., 2000; Технология получения и состав продуктов биоконверсии органического сырья (в соавторстве). Б., 2002; Нанотехнологии в биомедицине ( в соавторстве). Б., 2010.