ЖОШИБАЕВ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖОШИБАЕВ Сейткан (9. 6. 1939, Казак ССРи, Жамбыл обл., Акыр-Төбө станциясы) – медицина илимд. доктору (1981), проф. (1994), КР УИАнын корр. мүчөсү (2000). КРдин эмг. сиң.

в рачы (1978). КММИни (1962), СССР МИАнын А. Н. Бакулев атн. жүрөккан тамыр хирургиясы ИИИнин аспирантурасын бүтүргөн (1970). Нарын ж-а Талас обл. ооруканаларында хирург (1962–67) болуп иштеген. И. К. Ахунбаевдин шакирти. 1976-ж. Респ. кардиология борборун уюштуруп, аны 1984-жылга чейин жетектеген. Алматы ш-ндагы Казак клиникалык жана эксперименттик хирургия ИИИде жүрөк-кан тамыр хирургиясы бөлүмүнүн (1984– 92), КР УКТБнин кардиохирургия бөлүмүнүн (1992–2004-) жетекчиси. 2004-ж. Жүрөк хирургиясы ж-а органдарды алмаштыруу ИИИ уюшулгандан анын директору, 2006-жылдан ошол эле ин-тта бөлүм башчы болуп эмгектенет. И. К. Ахунбаев атн. жүрөк-кан тамыр системасы коомунун төрагасы. Жүрөк-кан тамыр хирургиясы б-ча адис. 160тан ашык ил. эмгеги, а. и. 2 монографиясы, 10 ойлоп табуусу бар.
Ахунбаев атн. сыйл. лауреаты. «Даңк» ж. б. медалдар м-н сыйланган.
Эмг.: Реконструктивно-пластическая коррекция аномалий Эбштейна // Грудная и сердечно-сосудистая хирургия. ¹ 12, 1990.