ЖОШОЛУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖОШОЛУ – Алай р-нундагы суу, Куршаптын оң куймасы. Алай кырка тоосунун түн.-батыш капталынан башталат. Уз. 40 км, алабынын аянты 285 км2. Алабынын деңиз деңг. орт. би­йикт. 2700 м. Мөңгү (аянты 1,9 км2) бар. Ала­бы куралуу облусуна кирет. Ж-нун 16 куймасы бар; ирилери: Артөбө, Кызыл-Булак (оң), Кул­мамбет, Бекпута (сол). Жылдык орт. чыгымы 2,20 м3/сек. Эң көп чыгымы июнда, азы фев­ралда байкалат. Сугатка пайдаланылат. Жээ­гинде Гүлчө, Өрүктү, Миязды, Орто-Суу ж. б. кыш. бар.