ЖӨРГӨМ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖӨРГӨМ – кыргыздын улуттук тамактарынын бири. Жаңы союлган койдун ич этинен (ичеги, карын, өпкө, карын май) даярдалат. Таза жуулуп, бартталган (жыдытылган) карын ж-а өпкөнү ичке тилип, калемпир-мурч сээп, корушу сиңгиче тындырат. Тилинген карын м-н өпкөгө ичегини (таза артып, жууп, муздак сууга салынган) бириктирип, карын май кошуп, түрдүү ыкмада (камчы өрүм, чалып өрүү, ороп өрүү) өрүп жасайт. Ө р ү л г ө н Ж. узун болот. Ж. жасалуу ыңгайына жараша майлуу Ж. (карын май кошулат), э т т ү ү Ж. (төштүн салбырчагы м-н карчыганын учунан жукалап кесип, туздуу, жылуу сууга салып жи б и т и п, жу мшарган этти өпкө м-н карынга кабаттап өрөт), э рм е н Ж. (эрмен жеге н эчк и ни н жөргөмүн дарылыкка жешкен) болуп, бир нече түргө бөлүнөт. Ж. эт м-н кошо бышырылат. Ж. мурда кыз-келиндин гана ашы болсо, учурда аш-тойлордо чүйгүн тамак катары кеңири колдонулат.