ЖУВЕЙНИ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖУВЕЙНИ А л а а д - Д и н А т а М а л и к и б н Б е х а М у х а м м е д (болжолу 1226–30, Хорасан – 6. 3. 1283, ө. ж. б.) – фарсы тарыхчысы, мамл. ишмер. Ж-нин аталары сельжуктардын, Хорезм шахтын ж-а Чыңгызхандын уулдарынын тушунда мамл. жогорку кызматтарды аткарышкан. Өзү Хорасан, Мазендаранды бийлеген Аргун хандын катчысы болуп (1246–65), Хулагунун тушунда Багдадды, Абак хандын тушунда Иракты башкарууга жетишкен. Ал 13-к-дын 50–60-жылдарында – «Тарыхи жахангушай» («Дүйнөнү жеңип алуунун тарыхы») аталган көлөмдүү эмгек жазып, анда көптөгөн тарыхый даректерге таянуу м-н Иранды бийлегендер, Хорезм шахтары ж-а Чыңгызхандын тукумунун тарыхын баяндаган. О. эле О. Азиядагы Сыр-Дарыя, Жети-Суу аймагын ж-а ал жерлерге тийиштүү Жент, Баласагун, Каялык, Алмалык ш-лары ж-дө баалуу маалыматтарды берген.
Ад.: Материалы по истории туркмен и Туркмении. М.; Л., 1939. Т. 1. Бартольд В. В., Джувейни. Соч. Т. 8. М., 1973. Т. Жуманалиев.