ЖУГУШТУУ ООРУЛАР: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖУГУШТУУ ООРУЛАР , и н ф е к ц и я о о р ул а р ы (лат. infectio – жугуу) – 1) оору козгогуч микроорганизмдер (вирус, бактерия, мите козу карындар) пайда кылуучу, соо кишиге оорулуудан ж-а бактерия алып жүрүүчүдөн жугуучу оорулар; 2) Ж. о-дын пайда болуу себептерин, өнүгүү механизмин, белгилерин изилдөөчү ж-а аларды диагноздоо, дарылоо, алдын алуу ыкмаларын иштеп чыгуучу мед. илим. Ал бактериология, вирусология, иммунология, эпидемиология ж. б. м-н тыгыз байланыштуу. Ж. о. пайда болуу үчүн оору козгогуч (микроорганизмдер), кабыл алгыч (адам, жаныбар) ж-а оорулуудан соо адамга инфекцияны таратуучу фактор болушу керек. Түрдүү микроорганизмдердин оору пайда кылуу жөндөмдүүлүгү анын вируленттүүлүгүнө, чыгарган уусунун (токсин) күчүнө, организмге кирген өлчөмүнө жараша болот. Кишинин жугуштуу ооруга байымдуулугу жашына, чымырлыгына, тамактануусуна, жашоошартына ж. б. байланыштуу. Оорунун жугушуна, өтүшүнө организмдин инфекцияга туруктуулугу, кан жоготуу, түрдүү түйшүк, кош бойлуулук ж. б. факторлор чоң мааниге ээ. Чарчоо, витамин ж-а белок жетишсиздиги, туура эмес тамактануу, түрдүү операция, тамак-аштан, дары-дармектен, хим. заттардан уулануу ж. б. организмдин инфекцияга туруктуулугун төмөндөтүп, ооруга шарт түзөт. Оору козгогуч айлана-чөйрөдө түрдүү жолдор м-н таралат. Кээде денеге 2–3 түрлүү козгогуч жугушу мүмкүн. Ж. о. капысынан катуу кармап, адам чыйрыгып, калтырайт, денеси ысып, башы катуу ооруйт. Алсызданып, дене бою салмактанат, көңүлү айнып, кусат. Оорунун башталышында аны аныктоо кыйын. Оору күчөп кеткенде, мүнөздүү белгилердин баары ачык көрүнүп, оорунун анык диагнозу аныкталат. Ал эми оору айыга баштаганда белгилери акырындап жоголуп, оорулуунун абалы жакшырат. Андан кийин оорунун айыгуу мезгили башталат. Ал түрдүү жугуштуу ооруларда түрдүүчө өтөт. Кээде Ж. о. кабылдап кетиши мүмкүн. Адам ооруп айыккандан кийин туруктуу иммунитет пайда болот. Ичеги-карын жугуштуу ооруларында (дизентерия, ич келте, холера, ботулизм ж. б.) оору козгогуч оорулуу ж-а бактерия алып жүрүүчүлөрдөн алардын заңы, кусундусу, заарасы м-н сыртка чыгып, булганган тамак-аш, суу аркылуу соо адамдын ичеги-карынына түшөт. Анда көбөйүп, уу бөлүп чыгарып, тийиштүү ооруга чалдыктырат. Жайында ооруну көбүнчө чымындар таратат. Дем алуу жолдорунун Ж. о-ында (грипп, көк жөтөл, паротит, кызылча ж. б.) козгогуч оорулуу же бактерия алып жүрүүчү сүйлөгөндө, чүчкүргөндө, жөтөлгөндө шилекейдин, какырыктын чачырандылары м-н сыртка бөлүнүп чыгып, абаны булгайт, аны м-н дем алганда жугат. Кан инфекциясында (баш келте, кайталанма келте, безгек, чума ж. б.), тиешелүү ташыгычтар (чиркей, бит, кене ж. б.) чакканда, козгогуч канга, лимфага өтүп, ооруну козгойт. Адамдын кан айлануу системасы туюк болгондуктан, организмдеги козгогуч кан соргуч ташыгычтар аркылуу гана таралат, бул оорулар трансмиссиялык инфекциялар деп аталат. Жугуштуу тери ооруларында козгогуч оорулуу м-н тыгыз байланышта болгондо тери-
деги жаралардан, көздүн, ооздун, жыныс мүчөлөрүнүн былжыр челинен жугат. Ж. о-ды атайын ооруканаларда дарылайт.