ЖУГУШТУУ РИНОТРАХЕИТ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖУГУШТУУ РИНОТРАХЕИ́Т (Rinotracheitis infectiosa bovum) – катуу кармап, калтыратманы, жогорку дем алуу жолдорунда катаралдуунекроздуу сезгенүүнү пайда кылып, көздү, жыныс органдарын, борб. нерв системасын жабыркатып, бооз малды бала салууга дуушар кылуучу контагиоздуу вирустуу ылаң. Ылаңдаткычы – герпесвирус. Табигый шартта бодо мал гана жашына карабастан ылаңдайт. Ылаң козгогучунун булагы – ылаңдаган ж-а жаңы айыккан мал. Алар вирусту сыртка мурдунан, көзүнөн ж-а жыныс мүчөлөрүнөн куюлган суюктуктар, сүт, сийдик, заң, шилекей аркылуу бөлүп чыгарат. Ж. р-тин гениталдык формасы м-н ылаңдаган букалар коркунучтуу, себеби алардын бел суусу м-н вирус 6–19 айга чейин бөлүнүп чыгууга жөндөмдүү. Ылаңдап айыккан малда вирустун бир нече жылга чейин сактала тургандыгы ж-дө маалыматтар бар. Ылаң көбүнчө респиратордук ж-а гениталдык формаларда өтөт, ушуга ылайык дарт соо малга аба аркылуу (аэрогендик жол) ж-а контакттык (куудурганда ж. б. учурда) жугат. Чарбада ылаңдын таралышына малды тар аянтчаларга багуу, өтө ысык же тескерисинче, өтө суук шарт, сапатсыз тоюттандыруу, желдетүүнүн жакшы иштебеши ж. б. зоогигиеналык ченемдердин одоно бузулушу түрткү берет. Ж. р. жылдын бардык мезгилинде, бирок көбүнчө кыш, жаз айларында кездешет. Ылаңдуулук 30–90% ке чейин жетип, алардын ичинен 1–20% өлүмгө учурайт. Бооз кунаажындар ж-а уйлар ылаңдын айынан 6–8 айлыгында музоо салышы мүмкүн. Атайын каражаттардан алынган гипериммундук сары суу ж-а ооруп айыккан малдын каны же анын плазмасы м-н дарылайт. О. эле антибиотиктер, сульфаниламид дары-дармеги колдонулат. Ылаңды алдын алуу үчүн тиешелүү вакциналар бар. Д. Раимбеков.