ЖУМАГУЛОВ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖУМАГУЛОВ Четин (30. 3. 1937-ж. т., Чүй обл.,

Кант р-ну, Четинди айылы) – тилчи-түрколог, филология илимд. кандидаты (1969), КРдин мад-тына эмг. сиң. ишмер (1998), КРдин илим ж-а т ехника жаатында мамл . с ый л . л ау реат ы (2006). Түркиянын лингв. коомунун ардактуу мүчөсү (2000). КМУнун филология ф-тин бүтүргөн (1960). Кыргыз ССР ИАнын Тил ж-а ад-т ин-тунда ил. кызматкер (1960–62), Кыргызстан ЛКСМ БКнын агитация ж-а пропаганда бөлүмүндө инструктор (1962–64), Кыргыз ССР ИАнын аспиранты (1964–67), Кыргыз Совет энциклопедиясынын Башкы редакциясында улук ил. редактор, редакция башчысы, жооптуу секретарь (1968–72), Тил ж-а ад-т интунда ил. кызматкер, сектор башчысы (1972– 90), Тарых ин-тунун алдындагы Терминология бөлүмүнүн башчысы (1990–94), Лексикология ж-а лексикография бөлүмүнүн жетектөөчү ил. кызматкери (1995), КР УИАнын Манас таануу ж-а көркөм мад-ттын улуттук борборунун бөлүм башчысы (1995–2003), 2003-жылдан Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакторунун орун басары. Ил. ишинин негизги багыты – Кырг-ндагы эпиграфикалык эстеликтерди изилдөө ж-а кыргыз терминологиясынын, түркология илиминин көп кырдуу маселелери. Ж. Кырг-ндын аймагындагы эски доорлордон калган жазуу эстеликтерин (рун, уйгур, несториан, араб, тибет, калмак ж. б.) изилдеп, жарыялап, ил. чөйрөгө алып чыккан бир катар жаңы эстеликтерди ачкан. 19-к-дын аягы – 20-к-дын башында кыргыздын тарыхый адамдарына (Жантай, Өзбек, Шабдан, Муратаалы баатыр ж. б.) коюлган эстеликтердеги жазууларды биринчилерден болуп окуп, которуп жарыялаган. Ж. 300дөй ил. эмгектердин автору. Эмгектери чет тилдерге да которулган. Орус, казак тилинен бир нече көркөм чыгармаларды кыргызчага которгон.
Эмг.: Эпиграфика Киргизии. Вып. 1. Ф., 1963; Вып. 2. Ф., 1982; Вып. 3. Ф., 1987; Язык сиро-тюркских (несторианских) памятников Киргизии. Ф., 1971; Кыргызстандын эпиграфикалык эстеликтери. Ф., 1988; Кыргызстандын байыркы эстеликтери (жазуулар), мамлекеттик тил (ойлор жана проблемалар). Б., 1998; Эпиграфические памятники древнего Оша. Б., 1999; Кыргыз терминологияс ынын айрым ак туалдуу маселелери. Б., 2000; Кыргызстандагы несториантүрк эстелик жазуулары (XIII–XIV кылымдар). М. Молдалиева.