ЖУМАДЫЛОВ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖУМАДЫЛОВ Советбек (5. 12. 1932, Ысык-Көл обл., Ак-Суу р-ну, Тепке кыш. – 3. 24. 2000, Бишкек) – драма артисти, киноактёр, Кыргыз ССР эл арт. (1977). Ташкенттеги А. Н. Островский атн. театр-көркөм сүрөт ин-тунун актёрдук ф-тин бүтүргөндөн (1953) Кыргыз мамл. акад. драма театрында иштеген. Ж. каармандардын ички сырын, социалдык маңызын ачып, жеке-

че мүнөз таба билген. Ар кыл тематикадагы образдарды аткарып, алардагы таасирдүү тереңдиктерди таап, жөнөкөй, жеткиликтүү берген. Аткарган негизги ролдору: Ашырбай, Солтобай, Мухтар, Омор (Т. Абдумомунов, «Ашырбай», «Тар капчыгай», «Абийир кечирбейт»), Мырзакул, Мамбет, Эдигей, Танабай (Ч. Айтматов, «Бетме-бет», «Фудзиямадагы кадыр түн», «Кылым карытар бир күн», «Танабай Бакасов»), Кызылчок, Маке чал (Б. Жакиев, «Алтын аяк»), Боромбай (А. Токомбаев, «Өлбөстүн үрөнү»), Тазабеков (Э. Турсунов, «Замандаш»), Дайыр Мусаевич (М. Байжиев, «Ар бир үйдө майрам»), Омар Хайям (К. Мамбетакунов, «Омар Хайямдын махаба-

ты»), Ажы (Н. Байтемиров, «Уркуя»), Семетей, Коңурбай (Ж. Садыков, «Сейтек», «Айкөл Манас»); орус ж-а дүйнөлүк классиктерден: Лопахин, Войницкий (А. Чехов, «Алчалуу бак», «Ваня таяке»), Вронский (Л. Толстой, «Анна Каренина»), Куудул, Ричард, Отелло (У. Шекспир, «Король Лир», «Ричард III», «Отелло»), Доктор (Н. Хикмет, «Унутулган адам»), Эзоп (Г. Фигейредо, «Эзоп») ж. б. Ж. кинодо да көптөгөн ролдорду аткарган: Шараф (реж. А. Бергункер, «Жоро»), Болотбек (М. Убукеев, «Тайгак кечүү»), Токтогул (Б. Каипов, «Алымкан»), Жарасбай (Б. Шамшиев, «Караш-караш окуясы»), Баяке (М. Убукеев, «Ак Мөөр»), Байзак (Б. Шамшиев, «Касиеттүү Ысык-Көл») ж. б. Медалдар м-н сыйланган.