ЖУМАЛИЕВ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖУМАЛИЕВ Cардарбек [5. 2. 1941-ж. т.‚ Чүй

обл.‚ Кант (азыркы Ысык-Ата) р-ну‚ Жар-Башы айылы] – дирижёр, обончу, КРдин эл арт. (1999). Фрунзедеги М. Күрөңкөев атн. муз.-хореогр. окуу жайынын алдындагы муз. мектепти (1958), М. Күрөңкөев атн. муз.-хореогр. окуу жайын (1962)‚ Б. Бейшеналиева атн. КМИИни (1967) бүтүргөн. Кыргыз филармониясынын алдында­гы К. Орозов атн. Эл аспаптар оркестринде (1958), Кыргыз эстрада ансамблинде (1968) ко­музчу‚ Респ. эл чыг-лык үйүндө муз. редактор (1972–75)‚ 1977-жылдан К. Орозов атн. Эл ас­паптар оркестринде дирижёр. Оркестр м-н Си­рия, Польша, Моңголия, Кытай, Корея, Түркия, Франция, Япония ж. б. мамлекеттерде гастрол­до болгон. Ж-дин эл арасына кеңири тараган 100дөн ашуун обону («Дзержинский бульва­рым»‚ «Кыргыз жери кымбатым»‚ «Ысык-Ата арашан»‚ «Толкундар»‚ «Таң сыры»‚ «Cен ме­нин жазылбаган ырларымсың» ж. б.) бар. Ал обончулардын ондогон обондорун оркестр үчүн иштеп чыккан. Фортепьяно үчүн пьесалардын‚ романстардын автору. Бүткүл дүйнөлүк интел­лектуалдык менчик уюмунун алтын медалынын ээси (2007). Медалдар м-н сыйланган.