ЖУМАНАЗАРОВ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖУМАНАЗАРОВ Сатымкул (17. 9. 1951, Талас обл., Кара-Буура р-ну, Жоон-Дөбө айылы – 2. 4. 2007, Бишкек) – спортчу, жөө күлүк. СССР спортунун эмгек сиң. чебери (1981). Кыргыз мамл.

дене тарбия ин-тун бүтүргөн (1980-ж. 1985–91-ж. Бишкек ш-ндагы «Колхозчу» ж-а «Эмгек резервдери» ыктыярдуу спорт коомдорунда машыктыргыч, 1992-жылдан Тоң р-нунун Кажы-Сай шаарчасындагы спорт комплексинде башкы директор. Жеңил атлетика м-н 1968-жылдан машыккан. 1974-ж. «Правда» гезитинин байгесине арналган жеңил атлетикалык кросстун бүткүл союздук финалында 14 км аралыкка чуркоодо 2-орунга чыккан, СССРдин чемпионаттарында 10 км аралыкка чуркоодо коло ж-а күмүш медалдарга ээ болгон. 1980-ж. Москва ш-нда өткөн 22-Олимпиялык оюндарда 42 км 195 км аралыкты 2 с 11 мин 16 секда чуркап өтүп, советтик марафончулардын олимпиялык жарышка катышуу тарыхында 1-жолу 3-орунду ээлеп, коло медаль жеңип алган. 1977–80-ж. өткөн СССР чемпионаттарында күмүш медалдарды алган. Япония, Германия, Грекия, Финляндияда өткөрүлгөн марафондук чуркоодо да жеңиштерге жетишкен. СССР – Американын жолдоштук беттешүүлөрүндө 1000 мге чуркоодо алдыңкы орунду ээлеген. Медалдар м-н сыйланган.