ЖУМАШОВ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖУМАШОВ Жолон [1943, Талас обл., Ленин­поль (азыркы Бакай-Ата) р-ну, Покровка айы­лы – 29. 1. 2000, Боо-Терек айылы] – генерал­майор (1998). Ташкент Жогорку аскердик коман­далык окуу жайын (1965), Москвадагы М. В. Фрунзе атн. аскер академиясын (1981) бүтүргөн. 1965–69-ж. Закавказье аскер округунда, 1976–77-ж. Кыргыз ССР Ку­ралдуу Күчтөрүнүн аскер бөлүктөрүндө кызмат өтө­гөн. 1978–89-ж. Фрунзе ш-ндагы Ленин р-ндук аскер комиссариатында 1-бөлүм­чөсүнүн башчысы – аскер

комиссарынын орун басары, 1989–90-ж. Кыр­гыз ССР ИАнын Бийик тоо физиологиясы ж-а эксперименттик патология ин-тунун директо­рунун жалпы маселелер б-ча орун басары, 1990– 94-ж. Кыргыз тамак-аш ө. ж-нда чарбалык бө­лүмдүн башчысы, 1994–99-ж. КРдин Куралдуу Күчтөрүнүн аткычтар, мотоаткычтар бөлүгүндө взвод, рота командири, батальондун команди­ринин орун басары, Ош обл. аскер гарнизону­нун башчысы, 1999–2000-ж. Ош обл. аскер ко­миссары болуп иштеген. Медалдар м-н сый­ланган.