ЖУМУШЧУ СТАНЦИЯ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖУМУШЧУ СТА́НЦИЯ – жумушчу түйүндү ишке киргизүүчү сервер компьютер. Сервердин дисктеринде чогуу колдонулуучу программалар, маалымат базалары ж. б. жайгаштырылат. Түйүнгө туташтырылган жеке компьютерлер көбүнчө Ж. с-лары деп аталат. Компьютердик түйүндөр (процессор, эс түзүлүштөрү ж. б.) – жалпы ресурстарды чогуу пайдаланууну камсыздоо үчүн дайындалган. Ресурстар үч түрдө болот: аппараттык, программалык ж-а информациялык. Мис., бардык катышуучулар жалпы принтерди колдонсо, алар жалпы аппараттык ресурсту бөлүшкөн болот.