«ЖУМУШЧУ ЖАНА КОЛ ӨНӨРЧҮЛӨР СОЮЗУ»: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
– Совет бийлигин орнотуу жылдарында Түн. Кырг-нда уюштурулган алгачкы профсоюз уюму. Ал башында «Кол өнөрчүлөр уюму» катары 1917-ж. апрель айында Пишпек ш-нда түзүлгөн. Анын максаты ошол кездеги жаңы (пролетардык) саясатка ылайык союз мүчөлөрүнүн кесиптик кызыкчылыгын коргоп, алардын санын ж-а аң-сезимин жогорулатууга багытталган. Бул союзга негизинен шаардык жумушчулар, кол
өнөрчүлөр ж-а Чүй сугат тармагында иштеген курулушчулар кирген. Союз большевиктерге Совет бийлигин орнотууда чоң таяныч болгон.
Ад.: Семёнов В. П., Борьба большевиков Киргизии за власть Советов. Фр., 1962.