ЖУНГЛИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖУ́НГЛИ (англ. jungle, хинди ж-а маратхи тил­деринде жангал – токой, чытырман токой) – бийик, катуу сабактуу чөп аралаш, жыш чык­кан дарак-бадал өсүмдүктөрү. Лианалар м-н чыр­малышкан дарактар ж-а чытырман бадалдуу токойлор да Ж. деп аталат. Ж-ге ротанг паль­масы, акациялар, чөп өсүмдүктөрүнөн – бийик өсүүчү дан өсүмдүктөрү (гигант бамбук, бал ка­мыш, эриантус ж. б.) мүнөздүү. Ж. Индиянын тропик же субтропик ным климаттуу ж-а саз­дуу жерлеринде – Ганг д-нын жээгинде, Гима­лай тоосунун этегинде, Индикытайда, Зонд а­нда арбын учурайт.