ЖУНУСОВ 2: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖУНУСОВ Ибрагим (13. 5. 1961-ж. т.‚ Ош обл.‚ Кара-Суу р-ну‚ Сарай айылы) – обончу, ырчы, КРдин эл арт. (2006). Педагогика илимд. канди­даты (2008), проф. (2006). Эмгек жолун з-ддо жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. Ош мамл. пед. ин-тун бүткөндөн (1983) ан­да концертмейстер, 1984– 86-ж. Жалал-Абад педин­тунда окутуучу, 1986–2007-ж. ОшМУда окутуучу, декан, проректор. КРдин элге би­лим берүүсүнүн (2001), КР-дин мад-тынын (2007) отлич­ниги, КРдин Жогорку Кеңе­шинин депутаты (2007). 2010-ж. 9-февраль –12-апрелде КРдин Мад-т мамл. агенттигинин директору. 200гө жакын лирика­лык‚ патриоттук‚ балдар ырларына обон жаз­ды. «Алтын апа»‚ «Таппадым сендей алтынды»‚ «Эламан»‚ «Ош кайрыктары»‚ «Кыргыз элим» ж. б. ондогон ырлары эл арасында кеңири бел­гилүү. «Нокдаун» (реж. Т. Раззаков) көркөм фильмине‚ «Алтын аяк» (Б. Жакиев)‚ «Күйөө­лөргө күлкү» (А. Абдугафаровдун)‚ «Аял» (C. Раев) спектаклдерине музыка жазган.