ЖУНУШАЛИЕВА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖУНУШАЛИЕВА Тамара Шаршенкуловна (27. 02. 1948-ж. т., Чүй обл., Жайыл р-ну, Кара-Бал­та ш.) – химия илимд. доктору (2002), проф. (2003). Инж. академиянын академиги (2004). Билим берүүнүн отличниги (2009). ФПИни (1971), ошол ин-тта аспирантураны (1978) бүтүрүп, ошол эле жерде лаборант, окутуучу, доцент, кафедра башчысы болуп иштеген. 2000-жылдан КТУда декан. Хим. термодинамика, тамак-аш химиясы, экология б-ча адис. 120дан ашык ил. эмг., а. и. 3 монографиясы, 1 окуу китеби, 4 окуу куралы бар.


Эмг.: Физикалык химиянын кыскача курсу. Б., 1996; Термохимия кристаллических аддуктов пентахлорида сурьмы с органическими донорами. Б. 1989; Свойства сурьмы и её соединений. Б., 2001.