ЖУРНАЛ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖУРНА́Л (фр. journal – күндөлүк) – мезгилдүү басылма. Ж. чыгуу мезгилине карай: апталык, айлык ж-а жылына бир жолу чыгуучу басылма; мазмунуна карай: коомдук-саясий, адабийкөркөм, өндүрүштүк-тех., спорттук, сатиралык, ил.-тармактык, ил.-популярдуу, ил.-маалыматтык, модалык, библиогр., рефераттык болуп бөлүнөт. Ж. окурмандардын жаш өзгөчөлүгүнө (балдар, өспүрүмдөр ж. б.) жараша да басылат. Ал гезит сыяктуу эле, жалпыга маалымдоонун негизги каражаттарынын бири катары элдин коомдук турмушун же белгилүү бир саясий партиянын кызыкчылыгы м-н таламын колдоп турат. Гезиттерден айырмаланып, Ж-дарда жаңылыктардан тышкары түрдүү аналитикалык макала, очерк, публ. эсселер м-н көркөм чыгармалар жарыяланат. Дүйнөдөгү биринчи Ж. 1665-ж. 5-январда Францияда «Журнал де Саван» деген ат м-н жарык көргөн. Ошол эле жылы Англияда («Философикал транзекшнс оф Ройял сосайети»), 1668-ж. Италияда («Жорнале деи леттерати»), 1682-ж. Германияда («Акта эрудиторум») чыгарыла баштаган. Көп өлкөдө Ж. 18-к-да пайда болгон. Алгачкы Ж-дар, негизинен, көркөм ад-т, илим, көркөм өнөр, дин маселелериндеги жаңылыктарды баяндоо м-н гана чектелген. 19-к-дын 2-жарымынан баштап Ж-дын туруктуу түрлөрү калыптанган. Окурмандарга арналган түрдүү мазмундагы, көлөмдүү Ж-дар арбыныраак жарык көрө баштаган. 1918–25-ж. СССРде коомдук (аялдарга, жаштарга, армияга ж. б. багытталган саясий, теор., адабий-көркөм, ил.-тех., чарбалык) Ж-дар чыккан: «Красная звезда» (1918), «Сельское хозяйство» (1919), шордуу аймактарды өздөштүрүүдө колдонулат.