ЖУТАКЕЕВ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖУТАКЕЕВ Абылкасым (1888, азыркы Нарын обл., Нарын р-ну, Жан-Булак айылы – 1933, Ат-Башы р-ну, Ак-Жар айылы) – жазгыч акын, кыргыз ад-тын баштоочулардын бири. 13–14 жашынан ыр жаза баштаган. Алгачкы ырлары жетимчиликтин айынан көргөн кор-

дугу, тарткан азабы ж-дө. 1920-ж. Алмат ы ш-нда ачылган мугалимдер курсун бүтүрүп, 1923-ж. Ат-Башыда мугалим, 1923–31-ж. Нарын уездинде союз кошчунун төрагасы, Ак-Жар колхозунун башкармасы болуп иштеген. Чыгармаларында өзү күбө болгон эки доордогу кыргыз турмушун ырга кошкон. Анын «Үч доор» поэмасында кыргыз элинин Октябрь рев-ясына чейинки оор турмушу, «Кайткан элде» 1916-жылкы улуттук-боштондук күрөш сүрөттөлгөн. «Кайран эл», «Эркин Тоо», «Кеңеш өкмөтү», «Кесел кедейдин арманы» аттуу көркөм мурастары калды.