ЖУУКУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖУУКУ – Жети-Өгүз р-нундагы чоң суулардын бири. Тескей Ала-Тоодон башталып, Ысык- Көлгө куят. Уз. 63 км, алабынын аянты 590 км2. Карагай, арчалуу кууш капчыгай аркылуу агып, Жууку капчыгайынан Ысык-Көл ойдуңуна чыга бергенде агымы жайлап, тик капталдуу кууш коктуга өтөт. 60тан ашык куймасынын ириле­ри: Ашуу-Кашка-Суу, Жуукучак. Алабында жалпы аянты 1,36 км2 келген 11 тоо көлү бар, алардын эң ириси – Жууку көлү. Апрелде кире баштап, сентябрда тартылат. Жылдык орт. чы­гымы 6,28 м3/сек; эң көбү 52,2 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Саруу, Даркан кыш. жайгашкан. Аты байыркы кыргыз тилинде жуука, аң, аңгек маанисинде, о. эле кууш, тар капчыгайды да туюндурат.