ЖУУКУ КӨЛҮ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖУУКУ КӨЛҮ Тескей Ала-Тоонун түн. капта­лындагы Жууку суусунун башында жайгаш­кан. Уз. 450 м, эң жазы жери 250 м. Аянты 0,073 км2, суусунун көлөмү 0,204 млн м3. Эң терең жери 9,5 м. Тепши сымал өрөөндө деңиз деңг. 3790 м бийикте жатат. Чанагы байыркы мөңгүдөн пайда болгон. Чыгыш тарабы анча би­йик эмес морена м-н тосулган. Жээк тектирле­ри ж-а формасы көлдүн аянты мурда 2,5 эсе чоң болгондугун далилдейт. Бөгөттүн жуулуп кети­шинен көлдүн деңгээли бөксөргөн. Суусу тузсуз, тунуктугу 2,5 м. Көлдөн Жууку суусунун оң куй­масы агып чыгат.