ЖУУРАТ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖУУРАТ – койдун ынак сүтүнөн уютулуп жа­салган байыркы ак азыктардын бири. Аны эч­кинин ж-а топоздун сүтүнөн уюткан учурлар да кезигет. Ж-ты уютуш үчүн бышырылган жылуу сүткө уютку (айран) кошуп, кылбат жерге жы­луулап жаап коёт. Ж-тан жасалган сүзмөнү, ку­рутту кышка сакташкан. Айрым жерде Ж-ты кууш челекке бышып, майын алып, бышмасын суусундукка ичишкен. Кээде ичилбей калган бышманы казанга кайнатып, сары суусун сарык­тырып, курут жасашкан. Элдик медицинада Ж. эң кубаттуу азык катары бааланат. Эл арасында «Айран – алымдуу оокат, жуурат – жугумдуу оокат» деген макал ошондон улам айтылса керек.