ЖУЧУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖУЧУ (1185–1227-ж. башы) – Чыңгызхандын тун уулу, аскер ишмери, моңгол ханы. Согуш иши-


не жаш кезинен машыккан. 1207–08-ж. Енисей кыргыздарын, Алтайды, Туваны, Дешт-и Кып­чактын чыгышын Моңгол империясына кош­кон. 1219-ж. моңголдордун О. Азияга жасаган жүрүшүндө Бухара, Самарканд, Хорезм, Кожент, Отрар, Үргөнч ж. б. ш-ды алууга катышып, өзүнүн аскери м-н Сыр-Дарыянын төмөн жагын­да жайгашкан Чыганак, Беженд, Аснаш ж. б. ш-ды каратып алган. Калкадагы салгылашуу­дан кийин (1223) Чыңгызхан ага Дешт-и Кып­чакты, Хорезмден Урал тоолоруна чейинки жер­лерди энчиге берген. 1226–27-ж. Дешт-и Кып­чактын батышын толук багындырган. Моңгол­дорго каршы көтөрүлүштөрдү ырайымсыздык м-н басып турган. Кээ бир маалыматтар б-ча Чыңгызхандын жашыруун буйругу б-ча өлтү­рүлгөн. Т. Жуманалиев.