ЖҮЗҮМЧҮЛҮК: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖҮЗҮМЧҮЛҮК – 1) а. ч-нын жүзүм өстүрүү тармагы. Анын өндүрүштүк төрт багыты бар: жүзүмдү жаңы кезинде жерг. керектөөгө жумшоо, о. эле тышка чыгаруу ж-а сактоо өндүрүшү; мейиз өндүрүшүн сырьё м-н камсыз кылуу базасы катары кишмиш мейиз сортторун тигүү; шарап
чыгаруучу ө. ж-дын сырьё базасы катары з-ддорду камсыз кылуу үчүн жүзүмдүн шараптык сортторун өстүрүү; консерва ө. ж-нын сырьёлук базасы катары шире, компот, кыям, маринад ж. б.
чыгаруу үчүн сырьё өндүрүү. Ж. – а. ч-нын капиталдык салымды ж-а эмгекти көп талап кылуучу ургаалдуу, абдан кирешелүү тармагы. Жүзүмдү башка өсүмдүк өстүрүүгө жараксыз таштак, акиташтуу ж-а шордуу кыртышта, кумдак, тик беттерде өстүрүүгө болот. 2) Жүзүмдүн биол.
өзгөчөлүгү ж-а өстүрүү ыкмалары ж-ндөгү илим.
Жалпы Ж. жүзүмдүн биологиясын, экономиясын ж-а агротехникасын изилдейт. Айрым Ж. жүзүмдү түрдүү өндүрүштүк багытта, о. эле жылытылмаларда өстүрүү үчүн ар кандай топуракклимат шартына жараша агротех. ыкманы иштеп чыгат. Ампелография – жүзүм сорттору ж-а түрү ж-дөгү илим. Жүзүм селекциясы – жүзүмдүн жаңы сортторун чыгаруу ж-дөгү окуу. И зи л дө ө и шт ери т и е ше л үү И И И л е рде жүргүзүлөт. Ад-тын Жүзүм макаласынан кара.