ЖҮК: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖҮК – 1) түрмөктөлө бүктөлүп, төргө үстү-үстүнө жыйылган ала кийиз, алтыгат, жууркан, көлдөлөң, төшөк, жаздыктар. Ж. жыюу мурда боз үйгө шартташкан.

Ж-түн алдына оймо-чиймелүү кооз такта төшөлүп, ага чачылуу «терме», «кажары» таар же кызыл, көк, жашыл сайма баркыт жабылып, тактанын үстүнө жагдан же сандык кырка коюлган. Алардын үстүнө Ж. жыйылып, жүк килеми жабылып, үстүнө куш жаздыктар коюлган. Айрым жерде балыш-жаздыктар жыйналат. 2) Бир жерден экинчи жерге ташыла турган буюм, таңылчак ж. б. нерселер.