ЖҮК ТАШУУЧУ АВТОМОБИЛЬ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖҮК ТАШУУЧУ АВТОМОБИ́ЛЬ – түрдүү жүктөрдү ташып жеткирүүчү автомашина. Немис инженери Г. В. Даймлер 1896-ж. кубаттуулугу 3 кВт болгон тасмалуу кыймыл өткөргүчтүү алгачкы Ж. т. а. ойлоп чыгарган. АКШда Ж. т.

а-ди чыгаруу болжол м-н 1896-ж., ал эми Россияда 1932–33-ж. башталган. Адегенде жүктөр жакын аралыкка ташылып, алыска т. ж. аркылуу жеткирилген. Кийинчерээк контейнердин пайда болушу м-н Ж. т. а. алыс аралыктарга колдонула баштады. Азыркы Ж. т. а. бир же

кошмо констр. түрүндө жасалат. Кузовунун (чанагынын) түрү б-ча жалпы арналыштагы ж-а атайын болот. Кошмо констр-да бир же бир нече чиркелме сүйрөгүчкө атайын жасалган чиркештиргич аркылуу кошулат. О. эле атайын жасалган Ж. т. а., мис., рефрижераторлор – бат бузулуучу азыкты, өтө кубаттуу болгон өзү төккүч автомобилдер чубурма материалдарды, ал эми цистерналар суюктук ташуу үчүн колдонулат. Жүк көтөрүмдүүлүгү б-ча төмөнкүдөй класстарга бөлүнөт: өтө аз – 1 тга чейин, аз – 1–2 т, орточо – 2–5 т, чоң – 5 тдан өйдө.