ЖҮКТӨГҮЧ МАШИНА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖҮКТӨГҮЧ МАШИ́НА – өзү жүрүүчү (каз та­мандуу же дөңгөлөктүү), жүк жүктөө, түшүрүү, катарга тизүү ж-а чукул аралыкка ташып бе­рүүгө арналган үзгүлтүксүз же мезгилдүү иштөөчү машина. Ал кампада, ө. ж. ишканасынын ай­магында, цехте, портто ж. б. жерлерде колдо­нулат. Мезгилдүү иштөөчү Ж. м-га асма жабдуу орнотулат ж-а айрылуу, сузгучтуу, бадья, ата­йын кармагыч пакеттер ж. у. с. жүктөгүч түзүлүштөр м-н жабдылат. Үзгүлтүксүз иштөөчү Ж. м-да чынжырлуу ж-а кыргычтуу конвейер­лер орнотулуп, жүк кыргычтар, ротордук же винт түрүндөгү түзүлүштөр м-н берилет. Кый­мылга келиши б-ча автожүктөгүч ж-а электр жүктөгүч болот. Эл чарбасынын ар кандай тар­мактарына арналган атайын Ж. м. колдонулат, мис., тоо-кен ө. ж-нда тоо тектерин ташыйт; ал эми а. ч-сында – кызылча, көртөшкө, чөп, минерал жер семирткич, чым көң ж. у. с. жүк­төлөт.