ЖҮЛҮН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖҮЛҮН (medulla spinalis) – борб. нерв система­сынын бир бөлүгү. Ал диаметри 1 смге жакын цилиндр формасындагы узун жипче. Ж. омурт­ка түркүгүнүн ичиндеги жүлүн каналында жай­гашкан. Ж. сыртынан мээ кабыгы м-н каптал­ган. Ж-дүн жогорку жагы сүйрү мээге биригет, ал эми төмөнкү учу I–II бел омурткасынын ту­шунда ичкерип, андан ылдый акыркы жипче­лерге айланат. Ал жипчелер II чычаң омуртка­сынын ички бетине бекийт. Ж-дүн моюн ж-а бел көчүк бөлүгү бир кыйла жоонурак келип, андан кол ж-а бутту нервдештирүүчү Ж. нервдери башталат. Ошондуктан Ж-дүн бул бөлүк-төрүндө анын башка бөлүктөрүнө караганда нерв клет­калары ж-а нерв талчалары көп болот. Ж-дүн ортосу боз, ал эми сырты ак заттан турат. Боз заты арткы, алдыңкы, каптал өсүндүлөрдөн ж-а аралык заттан турат. Бул өсүндүлөрдө көп сандаган нейрон денелери жайгашкан. Бул ней­рондор сезүү ж-а кыймылдатуу ишин аткарат, о. эле ички органдар м-н тыгыз байланышып, алардан тынымсыз кабар алат ж-а ишин жөнгө салат. Ж-дүн боз затынын ортосунан аны узу­нунан бойлоп узун ичке Ж. каналы өтөт. Ал Ж. суюктугу м-н толгон. Сырткы катмары (ак заты) сезгич ж-а кыймылдаткыч талчалардын тобунан турат. Ак заттын нерв талчалары бор­бордон четтөөчү ж-а борборго умтулуучу им­пульстарды өткөрүүчү жал деп аталат. Нормада кишинин Ж-ү 31 сегменттен (бөлүктөн) турат. Ж. сегменттеринин саны андан чыгуучу 31 жуп Ж. нервинин санына барабар. Ж. сегменттери: 8 моюн, 12 көкүрөк, 5 бел, 5 куймулчак, 1 чы­чаң сегменттеринен турат. Ж-дүн ар бир сегмен­ти дененин белгилүү гана бөлүктөрүн нервдеш­тирет.