ЖҮН: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖҮН – мал ж-а айбанаттын терисиндеги талча түк. Текстиль ө. ж-нын негизги сырьёсу, андан кездеме токулуп, кийиз басылат, кийим, түрдүү буюм жасалат. Ө. ж-да иштетилүүчү Ж-дүн негизги бөлүгүн кой жүнү түзөт. Эчки, төө, лама, топоз, коён, жылкы, уй, бугу, ит Ж-ү да пайдаланылат. Ж. ичкелиги, узундугу, тармалдыгы, бышыктыгы, жеңилдиги, өңү, жылтырактыгы ж. б. касиеттери б-ча бааланат. Малдан кыркылып алынган (кой, эчки ж. б.), таралып алынган (төө, ит, эчки ж-а коён тыбыты) же түлөгөндө чогултулуп алынган (уй, жылкы) Ж. – таза (тирүү), ал эми союлган же өлгөн малдын терисинен алынганы өлүү Ж. деп аталат. Ж. тыбыт, кылчык жүн, чала кылчык, уяң, чала уяң болуп бөлүнөт. Ж. кабырчык, кабык ж-а өзөкчөдөн түзүлөт. Койдун ар кайсы жериндеги жүнүнүн сапаты (узундугу, ичкелиги, тазалыгы, чыйрактыгы) ар башка болот. Кой Ж-ү тыбыттан жоон, кылдан кыска талчалардан турат да, бир нече катмарга бөлүнөт. Анын ички катмары өтө бышык келип, тышкы кабырчык катмары сырткы чөйрөнүн таасирине жакшы туруштук берет. Жылуулукту жай өткөрүп, ным тартпайт. Күзгү Ж-гө караганда жазгы Ж. узун келип, тыбыттуу ж-а бышык болот. Уяң, чала уяң жүндүү ж-а аргын кой жазында, ал эми кылчык ж-а чала кылчык жүндүү кой жазында да, күзүндө да кыркылат. Ж. кыркылгандан кийин келки, үзүндү, куйрук, бучкак, шакшак Ж. болуп бөлүнөт. Эчки Ж-ү тыбыттан ж-а кылчыктан турат. Кылчыгынын технол. сапаты начар, ошондуктан тыбыты гана колдонулат. Төө Ж-ү тыбыттуу ж-а чуудалуу келип, өтө бышык ж-а чоюлчаак болот. Тыбыты жууркан жасоодо, кездеме ж-а тор кездеме токууда колдонулат. Топоз Ж-ү нооту өндүрүшүндө пайдаланылат. Коён Ж-ү фетр (мыкты кийиз), тыбыты тор кийим жасоодо колдонулат. Союлган жылкы, уй Ж-ү негизинен бышырып, кийиз басуу өндүрүшүндө колдонулат. Бугу Ж-үндө өлүү Ж. көп, ошондуктан матрац жасоодо, эмерек өндүрүшүндө өткөрбөгүч материал катары пайдаланылат. Айрым ит Ж-үнөн колго жасалуучу түймө буюмдар даярдалат. Кыргыз эли күзгү Ж-дөн кийиз өтүк (чокой), калпак, кементай, байпак ж. б. кийим; ком, тердик, желдик, ичмек сыяктуу токулга; аяк кап, табак кап, күзгү кап, самын кап, уук учтук, баштык, кап ж. б. буюм жасаган. Жазгы Ж-дү жуурканга, төшөккө, тыш
ж-а кыш кийимге салган. Көчмөн турмушта мал байлоодо, жүк жүктөөдө керектелүүчү аркан ж-а жип эшилип, өрмөк жип ийрүүгө пайдаланган.
Ад.: Овцеводство / Под. ред. Г. Р. Литовченко и П. А. Есаулова. Т. 1. М., 1972; Мигалатюк Д. Я., Орлов И. М. Сохранение качества шерсти. М., 1987.