ЖҮН ЖУУГУЧ АГРЕГАТ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖҮН ЖУУГУЧ АГРЕГА́Т – жүн жуучу бир нече машинанын комплекси. Автоматтык түрдө иштөөчү Ж. ж. а. копшогуч, жуугуч ж-а кур­гаткыч машиналардан турат. Кир жүн адегенде жуугуч материалдардын (самын, сода, поро­шок) коромжу болушу азайып, жуу сапатын жогорулатуу үчүн агрегаттын биринчи бөлүгүндө 30 мин чыланат. Чыланган жүн жууш үчүн кийинки машинага атайын механизмдердин жардамы м-н берилет. Ж. ж. а-тын уз. 70 м, бийикт. ж-а туурасы 3 м, саатына 450–700 кг жүн жууйт.