ЖҮРӨК АСТМАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖҮРӨК АСТМАСЫ – жүрөктүн иштеши начар­лагандыктан, кан өпкөдө көпкө кармалып, газ алмашуу бузулуп, канда көмүр кычкыл газдын көбөйүшү дем алуу борборун дүүлүктүрүп, дем кыстыктыруучу оору. Ж. а. миокарддын инфарк­ты, жүрөктүн ишемия оорусу, жүрөктүн толто кемтиги, гипертония оорусу ж. б-дан болушу мүмкүн. Ж. а. канды сол карынчадан толтого түртүү начарлаганда болот деп божомолдонот. Физ. ж-а психикалык күч келүүдөн приступ кар­машы мүмкүн. Ал көбүнчө түнкүсүн кармайт: оорулуу капыстан деми кыстыгуудан ойгонот, башын көтөрүп турууга мажбур бо­лот. Деми кыстыкканы улам кү­чөп, жөтөлөт, көбүктүү какырык чыгат. Алы кетип, чабалактап, муз­дак тер басып, териси кара көк тар­тат. Оор учуру өпкө күпчөгүн пайда кылат. Ж. а. оорулуунун өмүрүнө коркунучтуу болгондуктан, тез да­рылоо талапка ылайык. Оорулууну бутун салаңдатып отургузуп, тере­зени ачып, таза аба м-н дем алды­руу зарыл, мүмкүн болсо кычкыл­тек жаздыкчасы аркылуу дем алды­рып, дароо тез жардам чакыруу керек. Дарылоо өз убагында баш­талса, натыйжалуу болот. Ж. а-нын алдын алуу үчүн жүрөк ишин на­чарлатуучу ооруларды өз убагында ж-а системалуу түрдө дарылоо за­рыл.