ЖҮРҮШ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖҮРҮШ , а с к е р д и к (фр. marche – жүрүү, алдыга жүрүү) – 1) күжүрмөн тапшырманы аткаруу үчүн белгилүү бир убакытта мерчемдүү аймакка келүү максатында аскерлердин уюшкандыкта транспорт каражаттары м-н же жөө жүрүүсү. Ж. эреже катары түнүндө, жашыруун, ал эми күжүрмөн иш-аракет убагында ж-а аскердик ооруктарында күндүзү болот. Ж-түн негизги көрсөткүчтөрү: алыстыгы (баштапкы чектен мерчемдүү чекке чейинки жолдун уз. км м-н); узактыгы (саат же сутка м-н – баштапкы чекти өтүү убактысынан мерчемдүү аймакта толук топтолгонго чейин); бөлүнгөн багыттардын саны же кыймыл тилкесинин кеңдиги; суткалык өтүүлөрдүн саны – Ж. убагында бир суткада аскерлер басып өткөн аралык; суткалык өтүүлөрдүн алыстыгы (км м-н); колонна кыймылынын орт. ылдамдыгы (жүрүү ылдамдыгы); сутка (саат) ичинде кыймылдын убактысы; 2) согуштук тапшырманы аткаруу үчүн аскерлердин же согуш кемелеринин жолго чыгышы. Армиянын (флоттун) душмандын аймагына басып кирүүсүн, алыскы аралыкка аскерлердин (кемелердин) орун которуусун, согушууну ж-а салгылашууну камтыган күч-аракеттер; 3) уюмдашкан түрдө чыгуу.