ЖЫГАЧ УСТА: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЫГАЧ УСТА – жыгачтан түрдүү көркөм буюм жасоочу чебер. Ж. у. жыгаччы, түндүкчү, ээрчи, кырмачы, тактачы, комузчу ж. б. болуп бөлүнгөн. Ж ы г а ч ч ы боз үйдүн бүт жыгачтарын,
т ү н д ү к ч ү боз үйдүн түндүгүн, э э р ч и ээр, айырмач, ыңырчак, к ы р м а ч ы л а р аяк, табак, чара, сүзгү, тепши, челек, чыны куту,
чөйчөк, кашык, соку, сокбилек, ийик, т а к т ач ы ком, сандык, жагдан, такта, бешик, үкөк,
чана, чийне, чарпал, к о м у з ч у л а р – комуз, кыл, кыяк, чоор, тактеке, добулбас, жыгач ооз комуз ж. б. жасашкан. Бул буюмдарды жасоого арча, кайың, терек, жаңгак, тал, өрүк, четин, кара жыгач, карагай, табылгы ж. б. пайдаланылган. Ж. у-нын негизги куралдары: балта, араа, керки, байтеше, чот, бычак, ийди, аталгы, үшкү, көзөөч, тез, тарткы ж. б. болгон. Ал
өз үйүндөгү дүкөнүндө иштеп, бир экиден шакирт күткөн. Ар бир устанын колунан чыккан
буюм чеберчилигине жараша жасалышы, кооздолушу, сапаты жагынан өзгөчөлөнүп, кимдики экени таанылып турган.