ЖЫГАЧ УСТАЧЫЛЫК ИШТЕРИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖЫГАЧ УСТАЧЫЛЫК ИШТЕРИ – жыгач буюмдары м-н тетиктерин жасап ж-а орнотуу үчүн курулуш жумуштары. Ж. у. и. төмөн­күлөрдөн турат: жыгач буюмдарын жасоо, алар­дын бөлүктөрүн бири-бири м-н туташтыруу, бе­китүү (аштоо), жыгачты мех. жол м-н иштетүү, желимдөө, фанерлөө, сүргүлөө, куроо, жасалга­лоо, жылмалоо жумуштары, о. эле инж. куру­луштардын жыгач констр-ларын (көпүрө, тос­мо, эстакадалар, шахта бекиткичтер, электр зым түркүктөрү), стандарттык жыгач үйлөрдү чогултуу ж. б. Ж. у. и-нде сызгыч, циркуль, кол араа, балта, бургу, сүргүч, тешкич ж. б. аспаптар колдонулат. Ири курулуштарда, ишканаларда, з-ддордо Ж. у. и-нин өндүрүмдүүлүгүн жогору­латып, жумушчулардын эмгегин жеңилдетүү үчүн жыгачты даярдоо ж-а иштетүү жогорку өн­дүрүмдүү механикалаштырылган түзүлүштөр­дүн жардамы м-н аткарылат. Көлөмү чакан иш­тер электр куралдары же кол м-н жүргүзүлөт. Ж. у. и-нин материалы катары устун, тактай, дөңгөч, такта жыгачтар, фанера, жыгач була­луу ж-а жыгач таарындылуу такталар ж. б. кол­донулат.