ЖЫЙНАЛГЫЧТЫК: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЫЙНАЛГЫЧТЫК – математикалык анализдин негизги түшүнүктөрүнүн бири; чексиз көбөйтүндүлөрдүн (өздүк эмес интеграл, удаалаштык, катар) жыйналуу касиети. Каалагандай ε >0 саны үчүн N (ε) бүтүн оң саны табылып, n > N(ε) болгондо ⏐an– l⏐< (ε) барабарсыздыгы орун алса, анда {a} сан удаалаштыгы l
санына жыйналат. Мында l саны {a} удаалаштыгынын предели ( lim an=1) деп аталат. Удаа-
n → ∞
лаштык чектүү санга умтулса, жыйналгыч,
тескерисинчеси – жыйналбас удаалаштык деп аталат. Сан удаалаштыктыгын Ж-ын көрсөтүүчү теорема (критерий) бар: а) чектелген монотондуу өсүүчү (же кемүүчү) сан удаалаштыгынан жыйналат. Удаалаштык маанисинин жогорку (же төмөнкү) чегиндеги сан анын предели болуп эсептелет; б) тандалып алынган e >0 оң,
саны үчүн N = N (ε) саны табылып, n > N,
m > N болгондо ⏐am − an < ε (m > n) барабарсыз-
an} удаалаштыгы жыйналат.
Бул Коши критерийи деп аталып, удаалаштык
Ж-ын текшерүүдө колдонулат. Чексиз көбөйтүндүлөрдүн Ж-ы логарифмдер аркылуу катардын Ж-ына келтирилет. Катардын Ж. белгилери изилденген. Эгер катардын айрым суммасынын удаалыштыгы жыйналса, анда катар жыйналат. Байыркы математиктер (Евклид, Архимед)
«Ж». түшүнүгүн аянт ж-а көлөмдү табууда пайдаланышкан. 1668-ж. шотланд математиги Ж. Грегори «Ж». терминин катарга колдонуу м-н киргизген. 17-к-дын математиктери Ж-ты катарга колдонушкан. 18-к-да Ж. матем. анализде (Л. Эйлер) колдонулган. Катар Ж-ын изил-
дөөнүн так ыкмасын 19-к-да О. Коши, Н. Абель,
чех математиги Б. Больцано, немис математи-
ги К. Вейерштрасс ж. б. иштеп чыккан.
Чыг.: Люстерник Л. А., Соболев В. И. Элементы функционального анализа. М., 1967; Усубакунов Р. Дифференциалдык жана интегралдык эсептөөлөр. Ф., 1969.