ЖЫЙНАЛГЫЧТЫК ОБЛУСУ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЫЙНАЛГЫЧТЫК ОБЛУСУ – функционалдык катардын жыйналуучу чекиттеринин көп- ∞ түгү, б. а. ∑un (х)=u1(х)+u2(х)+...+un(х)+... өз- n=1 гөрүлмөнүн (х) маанилеринде жыйналат. Даражалуу катардын ⏐x – a⏐< r интервалынын четки чекиттери Ж. о-на тиешелүү же тиешесиз болушу мүмкүн. Эгер ал аргументтин чыныгы маанилери үчүн каралса, анда Ж. о-нун четки чекиттерин камтыган (же камтыбаган) интервалдан, же бүткүл Ox огуна дал келген, же бир чекиттен турат. Эгер аргументтин комплекстик маанилери үчүн каралса, анда Ж. о. бир чекиттен же кандайдыр бир тегеректин бүткүл ички чекиттеринен (жыйналуу тегереги) же шакекчеден (жыйналуу шакекчесинен) турат; бул тегеректин чектик чекиттеринин кээ бири кирет же кирбейт. О. эле Ж. о. комплекстик тегиздик м-н дал келиши мүмкүн. Эгерде комплекстүү өзгөрмөлүү даражалуу катардын даража көрсөт-
күчтөрү терс бүтүн сан болсо, ∞ ∑ n=1 аn = (z − a)n
= ∑a(z − a)−n түрүндөгү катар r =⏐z – a⏐айлана- n−1 сынын сыртында, б. а ⏐z – a⏐< r тегерегинин сыртында жыйналат, ичинде жыйналбайт.
Ад.: Мантуров О. В. и др. Математика в понятиях, определениях и терминах. Ч. 2. М., 1982.