ЖЫЛАМЫШ ГРАНИТ КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЫЛАМЫШ ГРАНИ́Т КЕНИ – Чүй өрөөнүндөгү гранит ташы жаткан жер. Сокулук р-нунда, Новотроицк т. ж. бекетинен 23–26 км түштүктө, Жыламыш суусунун оң өйүзүндө. Кен аймагын ордовик мезгилинин аягында гранит интрузиясы жиреп чыккан. Гранит орто ж-а ири кристаллдуу, боз, кызгылт ж-а кызыл түстө. Жакшы сайкалданып, күзгүдөй жаркырап калат. Запасы бир нече млн м3ге жетет. Гранит имараттын ичи-тышын кооздоп каптоого жарактуу; көркөм буюмдарды жасоого да болот.