ЖЫЛАН-АРЫК: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЫЛАН-АРЫК , П и о н е р (Кайкалак) – Нарын р-нундагы кыштак. Сары-Ой айыл округуна караштуу. Нарын д-нын сол өйүзүндө, деңиз деңг. 1700 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Нарын ш-нан 75 км батыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 244 км. Кыштак 1924-ж. негизделген. Калкы 1062 (2007); негизинен фермер чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана, мончо, ФАП, дарыкана бар. Соода түйүндөрү иштейт.